"Эт багытын кластердик өнүктүрүү"
Кредиттик өнүмү
Өнүмдүн максаты - бирдиктүү кошумча нарк чынжырчасынын чегинде эт азыктарын өндүрүү жана экспортту өнүктүрүү.
|
Чакан жана орто ишканаларга коюлган талаптар*
|
Чакан жана орто ишканалар төмөндөгү критерийлерге жооп бериши керек:
- ЧОИ өткөн жыл үчүн дүңүнөн тапканы 200 млн. сомдон ашпоого тийиш;
- Отчеттук мезгил ичинде кызматкерлердин орточо саны 250 адамдан ашпоого тийиш;
- Мамлекеттин, коомдук жана диний уюмдардын (бирикмелердин), кайрымдуулук жана башка фонддордун ЧОИ субъектинин уставдык капиталындагы үлүшү 5 пайыздан ашпашы керек;
- ЧОИ субьекти болбогон бир же бир нече юридикалык жактарга таандык болгон ЧОИнин уставдык капиталындагы үлүшү 50% ашпоого тийиш;
- Кредит бериле турган чакан жана орто ишканалар банктын же Фонддун өз адамдары, мүчөлөрү (инсайдери) же филиалы болбошу керек;
- Чакан жана орто ишканалар өнөктөш банктын баалоосу боюнча туруктуу финансылык абалга ээ болуусу зарыл;
- Уставдык капиталдагы алардын үлүшү 51 пайыздан ашык болгон карыз алуучуга, ошондой эле анын катышуучуларына - юридикалык жактарга карата банкроттук жөнүндө иш козголбоого тийиш;
- Ар бир кредитти кайтарып берүүдө так жана экономикалык жактан негизделген баштапкы булактардын болушу (дефолт учурунда күрөөлүк камсыздоону жүзөгө ашыруу зарылчылыгына жол бербөө) (Банк тарабынан бааланууга тийиш).
- Экономиканын кредит бериле турган тармактары РКӨФ тарабынан бекитилген өзүнчө тизме менен аныкталат (РКФР тармактык классификациясы)
|
|
Максаттуу топ:
|
Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана өз ишин жүзөгө ашырып жаткан (6 айдан кем эмес) чакан жана орто ишканалар.
Эт багытындагы ишканалар жана чарбалык субъекттер.
- Этти кайрадан иштетүү ишканалары;
- Эт өндүрүүчүлөр (фермерлер жана фермердик чарбалар);
- Асыл тукум чарбалары;
- Жем-тоют өндүрүү ишканалары;
- Эт багытындагы кластерге катышуучу башка ишканалар.
|
|
Кредиттин багыты:
|
Каражаттар бөлүнө турган багыттар
- Инвестициялык максаттар
- Жабдууларды жана техникаларды сатып алуу;
- Курулуш-монтаждоо иштери, өнөр жай имараттарын реконструкциялоо жана сатып алуу.
- Эт багытындагы асыл тукум малдарды сатып алуу.
- Жүгүртүү капиталын толуктоо
- Биологиялык чийки заттарды сатып алуу;
- Бордоп семиртүү үчүн эт багытындагы малдарды сатып алуу;
- Тоют сатып алуу;
- Запастык бөлүктөрдү сатып алуу;
- Инвестициялык долбоордун алкагында ветеринардык дары-дармектерди, витаминдерди ошондой эле башка материалдарды жана тейлөө кызматтарын сатып алуу.
|
|
Каржылоо валютасы:
|
Кыргыз сому,
АКШ доллары.
|
|
Каржылоо суммасы:
|
1 млн. АКШ долл. чейин (кыргыз сомунун эквивалентинде).
|
|
Мөөнөттөр:
|
- 5 жылга чейинки асыл тукум ИММ сатып алууну кошо алганда, инвестициялык максаттар;
- Жүгүртүү каражаттарын 3 жылга чейин толуктоо
|
|
Пайыздык чен:
|
Кыргыз сомунда – жылдык 9% (НПЧ 9,3661%);
АКШ долларында - жылдык 5% (НПЧ 5,1086%).
|
|
Нак алуу үчүн төлөм акы
|
Кредиттин суммасынан - 0 %
|
|
«Ишеним» КМБ маалымат алууга байланыштуу чыгашалар
|
- ар бир жактырылган долбоордон - 90 сом.
|
|
Төлөө графиги
|
- Пайыздарды ай сайын төлөө
- Жеңилдетилген мезгил көрсөтүлгөндөн кийин негизги сумманы төлөө жекече белгиленет, бирок чейректе бир жолудан кем эмес.
|
|
Жеңилдетилген мезгил аралыгы
|
- 12 айга чейинки асыл тукум ИММ сатып алууну кошо алганда, инвестициялык кредит;
- Жүгүртүү каражаттарын 6 айга чейин толуктоо.
|
|
Карыз алуучуга коюлуучу талаптар:
|
РКӨФ тарабынан жактырылган кайра иштеп чыгуучулар менен өнүмдөрдү сатып өткөрүүгө контракт.
|