Капчинин мааниси туура эмес ↓

  “Сүт багытын кластердик өнүктүрүү” кредиттик  өнүмү

 

 Сиздердин назарыңыздарга бирдиктүү кошумча нарк чынжырчасынын чегинде сүт азыктарын өндүрүугө  жана экспортту өнүктүрүүгө көмөктөшө турган өнүмдү сунуштайбыз.

 

Чакан жана орто ишканаларга коюлган талаптар*

Чакан жана орто ишканалар (ЧОИ) төмөндөгү критерийлерге жооп бериши керек:

 

  • ЧОИнин өткөн жылдагы жалпы кирешеси 200 млн. сомдон ашпоого тийиш;
  • Отчеттук мезгил ичинде кызматкерлердин орточо саны 250 адамдан ашпоого тийиш;
  • Мамлекеттин, коомдук жана диний уюмдардын (бирикмелердин), кайрымдуулук жана башка фонддордун ЧОИ субъектинин уставдык капиталындагы үлүшү 5 пайыздан ашпоого тийиш.
  •  ЧОИ субьекти болбогон бир же бир нече юридикалык жактарга  ​​таандык болгон ЧОИнин уставдык капиталындагы үлүшү 50% ашпоого тийиш;

 

  • Кредит бериле турган чакан жана орто ишканалар банктын же Фонддун жакын дамадары, мүчөлөрү (инсайдери) же филиалы болбошу керек;

 

  •  Чакан жана орто ишканалар өнөктөш банктын баалоосу боюнча туруктуу финансылык абалга ээ болуусу зарыл;

 

  •  Уставдык капиталдагы алардын үлүшү 51 пайыздан ашык болгон карыз алуучуга, ошондой эле анын катышуучуларына - юридикалык жактарга карата банкроттук жөнүндө иш козголбоого тийиш;

 

  •  Ар бир кредитти кайтарып берүүдө так жана экономикалык жактан негизделген баштапкы булактардын болушу (дефолт учурунда күрөөлүк камсыздоону жүзөгө ашыруу зарылчылыгына жол бербөө) (Банк тарабынан бааланууга тийиш).

 

  •  Экономиканын кредит бериле турган тармактары РКӨФ тарабынан бекитилген өзүнчө тизме менен аныкталат (РКФР тармактык классификациясы)

 

 

Максаттуу топ:

Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана өз ишин жүзөгө ашырган (6 айдан кем эмес) чакан жана орто ишканалар.

 

  Сүт багытындагы ишканалар жана чарбалык субъекттер.

  • Сүт азыктарын кайра иштеп чыгуу ишканалары;
  • Сүт өндүрүүчүлөр (фермерлер жана фермердик чарбалар);
  • Сүт багытындагы кластерге катышуучу башка ишканалар.

Кредиттин багыты:

 Каражаттар бөлүнө турган багыттар:

  • Инвестициялык максаттар:
    • Жабдууларды жана техникаларды сатып алуу;
    • Курулуш-монтаждоо иштери, өнөр жай имараттарын реконструкциялоо жана сатып алуу.
    • Сүт багытындагы ири мүйүздүү малды (ИММ)   сатып алуу.
    • Жүгүртүү капиталын толуктоо:
      • Чийки заттарды сатып алуу;
      • Тоют сатып алуу;
      • Запастык бөлүктөрдү сатып алуу;
      • Ветеринардык дары-дармектерди, витаминдерди ж.б. сатып алуу;
      • Инвестициялык долбоордун алкагында башка материалдарды сатып алуу.

Каржылоо валютасы:

Кыргыз сому,

АКШ доллары

Каржылоо суммасы:

1 млн. АКШ долл. чейин (кыргыз сомунун эквивалентинде)

Мөөнөттөр:

- 7 жашка чейинки асыл тукум ИММ сатып алууну кошо алганда, инвестициялык максаттар;

 

- Жүгүртүү каражаттарын 3 жылга чейин толуктоо.

 

Пайыздык чен

Кыргыз сому -  жылдык 9% (НПЧ 9,3661%);

АКШ доллары – жылдык 5% (НПЧ 5,1086%).

 

Нак алуу үчүн төлөм акы

- кредиттин суммасынан 0 %

Төлөө графиги

 

-  Пайыздарды ай сайын төлөө;

 

- Жеңилдетилген мезгил берилгенден кийин негизги сумманы төлөө жекече белгиленет, бирок чейректе бир жолудан кем эмес.

 

Жеңилдетилген мезгил

- 12 айга чейинки асыл тукум ИММ сатып алууну кошо алганда, инвестициялык кредит;

 

- Жүгүртүү каражаттарын 6 жылга чейин толуктоо.

 

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>